Оштун Алай районунда жер титиреди
Поделиться в:
Ош облусунда кечээден бүгүнкүгө караган түнү жер силкинди. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди. Жер титирөөнүн күчү 3 баллга жеткен.
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сеймология институтунун маалыматына ылайык, 2019-жылдын 13-февраль күнү саат 01:23тө Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Алай районунун Бор-Дөбө айылында 2 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ссылка: https://barometr.kg/oshtun-alaj-rajonunda-zher-titiredi
Добавить комментарий ×