Оштон жоголгон 14 жашар кыз Бишкектен табылды

20 апреля 2021 16:19 1147 Barometr
Поделиться в:
ok

Милициянын кайгуул кызматкерлери Ош шаарында жоголгон кызды Бишкектен табышты. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

" Бүгүн, 20-апрелде  Бишкек ШИИББнын “102” кызматына Жумабек жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек кыз жүрөт деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке ошол замат Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда жаш өспүрүмдүн аты жөнү 2007-жылы туулган У.Н. аттуу кыз экендиги аныкталып, бул кыз 12-апрелде Ош облосунун Өзгөн районунун үйлөрүнүн биринен чыгып кеткен бойдон дайынсыз экендиги, жана издеп табуу боюнча Ички иштер органдарынын өздүк курамына багыттама берилип, издөодө жүргөн өспүрүм кыз экендиги  белгилүү болгон.

Чакыруу менен келген кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, жаш кызды андан ары туугандарына өткөрүп берүү үчүн Свердлов райондук ИИБга жеткиришкен",- деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/oshton-zhogolgon-14-zhashar-kyz-bishkekten-tabyldy



Добавить комментарий