Оштон унаа айдап качкан жаран Токтогулдан кармалды
Оштон уурдалган машина Токтогулдан табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Бүгүн, 23-октябрда Ош ШИИБнен Жалал-Абад ОИИБне багыттама жиберилип, анда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйдүн жанында кулпуланып токтоп турган, кызыл түстөгү “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү автоунааны, 23-октябрга караган түнү белгисиз кылмышкерлер ичин ачып, айдап кетип калгандыгы белгиленген.
Ошондой эле 23-октябрда болжол менен саат 11:20 чамасында Жалал-Абад ОИИБы боюнча ЖКККБнүн инспектору Токтогул районунун аймагынан Бишкекти көздөй бараткан кызыл түстөгү “Хонда-Фит” автоунаасын токтоткон учурда, айдоочу токтобой айыл аралап айдаган. Инспекторлор автоунаанын артынан кууп жеткен учурда анын айдоочусу,
Ош облусунун тургуну 1994-ж.т. Х.Р. автоунаадан түшүп жөө качып жөнөгөн. Эскертүү иретинде асманга ок атылган учурда да ал токтобогон. Инспекторлор артынан кууп жетип Х.Р. кармалган. Окуя болгон жерден эч ким денесинен жараат алган эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/oshton-unaa-ajdap-kachkan-zharan-toktoguldan-karmaldy
Добавить комментарий ×