Оштон качкан бейбаштар Чүйдөн кармалды (Сүрөт)

3 июля 2020 14:34 832 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй облусунда бейбаштыкка шектелген жарандар кармалып, унаасынан тапанча табылган. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.

Ички иштер органдарына Жалал-Абад облусунун Аксы районунун жашоочусунан билдирүү түшүп, ал өзүнүн арызында укукка жат иш-аракеттерди жасап жаткан жарандарга карата тиешелүү чараларды көрүп, укугун коргоону суранган. Анда, 2020-жылдын 26-июнь күнү кечки маалда белгисиз адамдар Аксы районунун жашоочусун “Тайота” үлгүсүндөгү автоунаага салып, адамдар жок жерге алып барышып, сабап, денесине жаракаттарды келтиришкендиги маалымдалган.

 Криминалдык топтор тарабынан ишкерлерге кысым көрсөтүүгө байланыштуу болгондуктан, бул ыкчам-иликтөө иш-чараларына ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.

 2020-жылдын 27-июнь күнү аталган факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) КРнын Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча сотко чейинки өндүрүш башталган.

Укукка жат иш-аракеттерге тиешеси барлар изин жашыруу үчүн Чүй облусунун аймагына келе жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөндүктөн, Аймактар аралык башкармалыктын кызматкерлери тарабынан алардын изине түшүү уюштурулган.

30-июнда Чүй облусунун Жайыл районунун аймагынан жогорудагы бейбашттыкка шектүү эки жаран кармалган. Кармалган жарандардын бири Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 1983-жылы туулган жашоочусу М.А. болот. Ал мурда соттолгон жана УКТ мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат, “положенец” криминалдык макамга ээ. Экинчи кармалган жаран Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 1991-жылы туулган жашоочусу Т.М. болот. Кармалган эки шектүү тең Ош шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Андан сырткары, Аймактар аралык башкармалыктын ыкчам кызматкерлери Жайыл РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте дагы бир мыйзамга каршы фактыны, тактап айтканда ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо жана ташуу фактысын аныкташты. Автоунаанын ичинен шектүүлөргө тиешелүү катталбаган белгисиз үлгүдөгү тапанча табылган. Азыркы учурда сотко чейинки иликтөө жүрүп жатат. Жогорудагы кылмышка тиешеси барларды тактоо жана кармоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/oshton-kachkan-bejbashtar-chjdn-karmaldy-srt



Добавить комментарий