Оштогу кафелердин биринде тапанча алып жүргөн жигит кармалды

29 июнь 2019 14:02 1972 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Оштогу кафелердин биринде тапанча алып жүргөн жигит кармалды. Бул тууралуу Ош областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызмат кабарлады.

28-июнда ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында 1993-жылы туулган Кара-Суу районунун тургуну А. уулу А. кармалды.

Соттук-баллистикалык экспертизанын берген корутундусуна ылайык, шектүүнүн жанынан чыккан бир даана “Байкал-442” үлгүсүндөгү, 9 мм. калибрдеги эч кандай жеке номери жок, колдонууга жарактуу ок атуучу курал болгондугу аныкталды.

Учурда бул иш боюнча иликтөө башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/oshtogu-kafelerdin-birinde-tapancha-alyp-zhrgn-zhigit-karmaldy



Добавить комментарий