Оштогу Чынар кафесинде чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

14 февраля 2019 11:32 1530 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан "Чынар" кафесинин чатырынан чыккан өрт саат 11:00дө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ маалымдады. 

Эске салсак, бүгүн 14-февралда эртең менен Оштогу негизги чоң көчөлөрунүн биринде жайгашкан кафеден өрт чыгып, аны өчүрүүгө саат 09:43тө ӨКМдан 4 бөлүм куткаруучулар баргандыгы айтылган. Андан сырткары кошумча ыкчам топ чакырылган. Өрт саат 10:10до чектөөгө алынгандыгы маалымдалган.

Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери каралууда дейт ӨКМнын басма сөз кызматы. 

 

Ссылка: https://barometr.kg/oshtogu-chynar-kafesinde-chykkan-rt-tolugu-menen-chrld



Добавить комментарий