Оштогу аярлуу үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлөт
Ош облусундагы аярлуу үй-бүлөлөргө Дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу колдоо көрсөтүлөт. Бул тууралуу КР министрлер кабинетинин Ош облусундагы өкүлчүлгүнүн басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, Ош облусундагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Россиядан колдоо көрсөтүү максатында Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасына (БУУ ДАТП) 945 тонна байытылган ун жөнөттү. Ун өлкөдөгү жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган 31 500дөн ашуун аярлуу үй-бүлөгө жардам катары берилет.
Инфраструктураны өнүктүрүү жана келечекте азык-түлүк коопсуздугуна түзгөн коркунучту алдын алууга багытталган 500дөн ашуун коомдук долбоорго катышкан ар бир аялуу үй-бүлөгө 150 кг байытылган буудай уну жана 15 литр өсүмдүк майы берилет. Бул аркылуу жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган үй-бүлөлөр негизги азыктануу муктаждыктарын канааттандыра алат.
Коомдук долбоорлорго сугат тармактарын жана айдоо аянттарын калыбына келтирүү, токойлорду кеңейтүү жана көпүрөлөрдү куруу сыяктуу иштер камтылган.
Россия Кыргызстандагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору болуп саналат. Акыркы 10 жылдын аралыгында Россиянын өкмөтү БУУ ДАТП аркылуу Кыргызстандын жарандарына ар кандай деңгээлде, анын ичинде өзгөчө кырдаал учурунда жардам көрсөткөн.
Ссылка: https://barometr.kg/oshtogu-ayarluu-j-bllrg-koldoo-krstlt
Добавить комментарий ×