Ошто жолдо бара жаткан унаанын дөңгөлөгү жарылып, унаа жолдон чыгып кетти
Поделиться в:
Ошто жолдо бара жаткан унаанын дөңгөлөгү жарылып, унаа жолдон чыгып кеткен. Кырсык 2018-жылдын 16-октябрь күнү саат 10:48де Жаза айыл аймагынын Жеренчи айылына жакын жерде болгон.
“Хонда СРВ” үлгүсүндөгү унаанын ичинде 4 адам болгон. Бактыга жараша, жеңил жаракаттарды алышып, жергиликтүү ооруканага жеткирилген. Жеринде куткаруучулар тарабынан алгачкы медициналык жардам көрсөтүлүп, унаадан жаракат алгандарды чыгарып беришкен.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-zholdo-bara-zhatkan-unaanyn-dglg-zharylyp-unaa-zholdon-chygyp-ketti
Добавить комментарий ×