Ошто Жээнбековдун тарапташтары митинге чыгышты

6 октября 2020 10:13 721 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында Сооронбай Жээнбековдун тарапкерлери митинге чыгышты. Учурда Оштун борбордук аянтына 100дөн ашуун адам чогулуп турат.

Чогулгандардын талабы азыркы бийлик тушунда жакшы жашоо болгонун жана аны сактап калуу керектигин айтып, элди үндөп жатышат.

Кече, 5-октябрда борбор калаанын Ала-Тоо аянтында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин мөөнөтсүз митинги массалык башаламандык менен коштолду. 6-октябрда митингчилер парламент менен президент олтурган имаратты, УКМКнын имаратын басып алышып, абактагы бир канча саясатчыларды бошотушкан.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-zheenbekovdun-taraptashtary-mitinge-chygyshty



Добавить комментарий