Ошто жаш кыздын жансыз денеси муздун алдынан табылды

23 января 2023 10:35 1815 Barometr
Поделиться в:
ok

Ошто жаш кыздын жансыз денеси муздун алдынан табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына таянып “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Ош облусуна караштуу Алай районунун  Бүлөлү айыл өкмөтүнүн Чоң-Бүлөлү айылында 6 жаштагы Д.А. аттуу кызЧоң-Бүлөлү суусунун жээгиндеги тоңгон муздун астына  чана тээп жатып түшүп кеткен.

“Жерине Алай райондук №68 ӨКБдан 4 куткаруучу, ИИМден 1 кызматкер  жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, кыздын жансыз денесин муздун астынан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришкен”, -деп айтылат маалыматта.




Ссылка: https://barometr.kg/oshto-zhash-kyzdyn-zhansyz-denesi-muzdun-aldynan-tabyldy



Добавить комментарий