Ошто жаш келин өз күйөөсүн бычактап өлтүрдү

5 октября 2019 18:20 2079 Barometr
Поделиться в:
ok

Ошто жаш келин кызганычтан улам өз күйөөсүн бычактап, ал жаратынан каза болду. Бул тууралуу Ош облустук милиция билдирет. Эки жыл жашаган жаш жубайлар турмуштук жагдайлардан улам ажырашканы калат. Күйөөсүнүн башка айым менен турмуш курганын жубайы билген эмес. Аны эркек жашырып жүргөн болот.

Бул боюнча билингенден кийин ортодо чыр чыгып, жаш келин кызганычтан улам күйөөсүнө бычак урат. Жаракат алган күйөөсү ооруканага жеткирилет. Бирок дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга жардам бере алышпайт, ал каза болот.

Учурда анын өлүмүнө шектүү айым кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-zhash-kelin-z-kjsn-bychaktap-ltrd



Добавить комментарий