Ош менен Жалал-Абадда жер титиреди
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 1-март күнү саат 07:48де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Жер титирөө Ош облусунун Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак, Отуз-Адыр, Мады, Кызыл-Ордо айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Ошол эле күнү саат 15:18де Жалал-Абадда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Каду, Жазы-Кечүү, Ак-Булак айылдарында 2,5-3 баллга, Косо-Терек, Орток, Кара-Алма, Сай айылдарында 2-2,5 баллга чейин сезилген. Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-zhalal-abadda-zher-titir-kattaldy
Добавить комментарий ×