Ошто ВИЧ-инфекциясын акысыз текшерүү жүргүзүлүүдө

5 ноября 2018 09:15 1188 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ошто ВИЧ-инфекциясын жашыруун жана акысыз текшерүү жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ош облустук СПИДке каршы күрөшүү жана алдын алуу борборунан кабарлашты. Аталган борбордун берген маалыматына ылайык,  2018-жылдын 1-ноябрынан 1-декабрына чейин, бүткүл дүйнөлүк СПИДке каршы күрөшүү күнүнө карата “Өзүңдүн статусуңду бил” ураанында бир айлык жарыяланды.

Анын алкагында каалоочу жарандар үчүн жашыруун ВИЧ-инфекциясын тез тестирлөө ыкмасы менен акысыз текшерүүлөр уюштурулат (жыйынтыгы 20 мүнөттө даяр болот). Текшерүү күн сайын саат 9:00дөн 15:30га чейин жүргүзүлөт.

Дарегибиз: Ош шаары, Моминов көчөсү, 10 (болжол Сулайман-Тоо мечити).

 Сурап билүү телефондору: (03222) 7-66-30, (03222) 7-47-26

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-vich-infekciyasy-akysyz-teksher-zhrgzld



Добавить комментарий