Кара-Сууда талапкерлер акча таратып жатат делген маалымат иликтенип жатат

11 апреля 2021 15:57 1288 Barometr
Поделиться в:
ok

Ошто № 5221 “Жаңы-Маала” шайлоо участкасында добуш сатып алуу жана коркутуулар болуп жатканы кабарланды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, мыйзам бузуулар Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагына караштуу Турсунзаада атындагы орто мектепте орун алган № 5221 “Жаңы-Маала” шайлоо участкасында болгон.

“Жергиликтүү кеңешке талапкерлигин койгон Н. Х жана С. А лар «Клооп» маалымат агенттигинин журналисттерине «акча таратуу жана коркутуулар» болуп жатканын кабарлашкандыгы маалым болду.

Бул маалымат 2021-жылдын 11-апрель күнү Кара-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, азыркы учурда текшерүү иштери жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-talapkerler-talabynan-akcha-taratylyp-zhatkany-tuuraluu-ilikt-zhrp-zhatat



Добавить комментарий