Ошто сууга чөгүп кетти делип изделип жаткан 8 жашар баланын жансыз денеси табылды
Поделиться в:
Ошто сууга чөгүп кеткен 8 жашар баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Эске сала кетсек, 8-август күнү Туран кичи районунда агып өткөн Ош-Араван каналына 2014-ж.т. С.А. аттуу жаш бала түшүп кеткен.
"Бүгүн жерине издөө иштерин улантуу үчүн жалпы 60 куткаруучу тартылган.
Издөө иштеринин натыйжасында саат 10:55те куткаруучулар тарабынан жаш баланын сөөгү табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен", -деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×