Ошто соода борборунун жанынан кишинин сөөгү табылды
Поделиться в:
Ош шаарындагы соода борборлорунун биринин жанынан кишинин сөөгү табылды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, кишинин сөөгү 7-февралда кечинде Кара-Суу көчөсүнөн табылган. Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлерине маркумдун денесинен зомбулуктун белгилерин байкаган эмес.
Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Милиция каза болгон киши 1963-жылы туулган Ж.Ж. аттуу киши экенин аныктаган.
Маркумдун сөөгү туугандарына берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-sooda-borborunun-zhanynan-kishinin-sg-tabyldy
Добавить комментарий ×