Ошто кылмышка шектүү жаран ооруканадан качып кетти
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан бүгүн 2019-жылдын 17-декабрь күнү болжол менен саат 13.00 чамасында Ош шаардык ооруканасынын нейрохириургия бөлүмүнөн изин жашырып кеткен Калдыбаев Алмаз Адыловичке издөө жарыяланат.
Ал Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 202-беренесине ылайык (каракчылык) шектүү катары кармалган.
Ден соолугуна байланыштуу Ош шаардык ооруканасынын нейрохирургия бөлүмүнө жаткырылып, милиция кызматкерлердин кайтаруусунда болгон.
Кандай шартта качып кеткендигин аныктоо боюнча тиешелүү кызматтар иликтөө иштерин жүргүзө баштады. Алмаз Калдыбаев -баш сөөгүнөн операция болгон. Башы таңылуу жүрөт Ош шаарынын аймагында качкан шектууну кармоого багытталган "Сирена" операциясы киргизилди.
Кылмышка шектүү Калдыбаев Алмаз Адылович, 1989-жылы туулган. Кара-Суу районунун Лангар айылынын тургуну. Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан 41-жатаканада убактылуу жашаган. Кимде ким бул жаран тууралуу маалыматы бар болсо Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 102, 03222-4-82-82 телефондору аркылуу маалымат берип коюшуңуздарды суранабыз.
Суротто: ооруканадан качкан шектуу жаран.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-shekt-oorukanadan-kachyp-ketti
Добавить комментарий ×