Ошто Профсоюз уюмдары куткаруучуларга акчалай жардам берди
Мамлекеттик кызматкерлеринин профсоюзунун Ош аймактык комитети КР ӨКМнин Ош облустук башкармалыгынын куткаруучуларына акчалай жардам көрсөтүштү. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.
30-апрель күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги подполковник А. К. Сулайманов жана Мамлекеттик, муниципиалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Ош аймактык комитетинин төрагасы Бакытбек Пазылов менен биргеликте башкармалыктын Кара-Суу, Ноокат райондук бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, куткаруучулары менен жолугуп, аларга акчалай жардам жана бет каптарды (маскаларды) тапшырды. Пазылов өз сөзүндө коронавирус илдетинин эпидемиясын ооздуктоо боюнча өзгөчө абалдын талаптарын так сактоону камсыз кылууда, илдетке чалдыккан жарандарды дарылоодо дарыгерлер, куткаруучулар, ички иштер органдарынын, аскер жана жер-жерлердеги мамлекеттик, муниципиалдык кызматкерлер күн-түн дебей керек болсо өз ден соолуктарын тобокелге салып иштеп жатышкандыгын белгилеп өттү.
ӨКМ кызматкерлери, адистери, куткаруучулары ушул оор күндөрдө эпидемиянын очокторун, имараттарды, аянттарды, көчөлөрдү дезинфекция жүргүзүүдө, карантиндик постторду палаткалар жана башка керектүү жабдыктар менен камсыз кылууда, обсервация уюштурулган жерлерди даярдоодо, алардын толук кандуу иш алып баруусуна жетишүүдө өздөрүнүн кызматтык милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып жатышкандыгын айтып, аларга облустун профсоюз уюмдарынын атынан ыраазылык билдирип, куткаруучуларга бардык жакшылыктарды каалады.
Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюзунун Ош облустук комитети, дарыгерлерге 200,0 миң сом бөлүп беришкендигин айтып, Профсоюздардын Ош облустук Кеңешинин, Мамлекеттик, муниципиалдык мекемелер жана коомдук тейлөө кызматкерлеринин профсоюзунун Ош аймактык комитетинин жана башка тармактык комитеттердин атынан Кара –Суу, Ноокат райондорунун куткаруучуларына 10,0 миң сомдон накталай акча каражатын жана 100 даанадан бет каптарды тапшырды (баардыгы 20,0 миң сом, 200 даана бет кап).
КР ӨКМ Ош облустук башкармалыгынын башчысы А. Сулайманов профсоюз уюмунун жетекчилерине жана уюмдун мүчөлөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-profsoyuz-uyumdary-kutkaruuchularga-akchalaj-zhardam-berishti
Добавить комментарий ×