Ошто орган кызматкерлери жаш кызды сабады делген маалымат тууралуу милиция үн катты

4 октября 2022 12:56 665 Barometr
Поделиться в:
ok

Буга чейин, Ошто милиция жаш кызды сабады делген маалымат тараган. Бул тууралуу ОШ шаардык милиция окуянын чоо-жайын түшүндүрдү. Бул тууралуу “Барометр” маалымдайт.

Маалым болгондой, 4-октябрь күнү «Ош шаарынын тургуну милиционерлер тарабынан сабалгандыгы тууралуу маалымдады» деген мазмундагы маалымат жарык көргөн

“Бул боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы адегенде эле бул жарандын берген маалыматты жалган экендигин, мындай аракети  менен ал өзү кылмыш жоопкерчилигинен качууну жана милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына доо кетирүүнү көздөп жаткандыгын баса белгилейт. Ал Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип жатканда денесинде эч кандай жараттары болгон эмес.  Учурда, анын милиция кызматкерлерине карата жалган жерден маалымат бергендиги боюнча тиешелүү юридикалык баа берүү жагы каралууда.

Тагыраак айтканда,  Ош ШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндө орун алган  дарыканасынын сатуучусу тарабынан дарыканада     эки бейтааныш кыздар ызы-чуу салып жаткандыгын кабарланган.

Аталган маалымат, 2022-жылдын 29-сентябрында саат 01:52 минутада, Ош ШИИБнын Ак-Буура МБнүн маалымат электрондук журналына катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө маалым болгондой, 2022-жылдын 29-сентябрында түнкү саат 24:00  чамасында, Ош шаарынын А.Шакиров көчөсүндө орун алган "Фарм-Ленд" дарыканасына эки аял киши келип, бир дарыны талап кылышып, аны бербей койгондугу үчүн жогорудагы эки кыздар дарыканачыны оозго алсыз сөздөр менен тилдеп ызы-чуу салгандыгы аныкталган.

Ызы-чуу салган аялдар дарыканадан врачтын рецепти менен гана сатыла турган, атайын тизмеде турган көзөмөлсүз ичсе ден соолукка кооптуу дарыны талап кылышкан. Аргасыз дарыканачы 102 кызматына кабаралаган.

Окуя болгон жерге милициянын кайгуул кызматынын кызматкери ылдам жөнөтүлгөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келген учурда дарыканадагы эки кыздар милиция кызматкерлерине дагы баш ийбестен, алардын дарегине жаман сөздөрдү айтышкан,    ызы-чуу салышкандыктан, ал эки кызды кызматтык унаага салып милиция бөлүмүнө алып келүү аракетин жасашканда алардын бирөө милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүп, колун тиштеп алган.

Андан сон жогорудагы кыздар Ак-Буура МБнө камсыз кылынып, нөөмөттөгү тергөөчүгө дагы каршылык көрсөтүшүп, тергөөчүнү оозго алгыз сөздөр менен тилдеп, тергөөчүнүн колуна жарат келтирген (тиштеп алган).

Бул факты оюнча, 2022-жылдын 9-сентябрында Кыргыз Республикасынын КЖКнин 280-ст. 2-б. 4-п. ( бейбаштык) каралган кылмыш белгилери менен  кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда  кызматкерлерге каршылык көрсөткөн аял Ош шаарынын тургуну    Э.Б. аттуу аял экендиги такталып, ал КРнын ЖПКнин 98-ст. негизинде УКЖга киргизилип, 48 сааттын ичинде ага карата сот тарабынан үй камак түрү тандалган. Шектүү адегенден өзүн Кара-Суу районунун тургуну экендигин, аты “Иманохон” экендигин айтып, жалган маалыматтарды берген.

Шектүү Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип жаткан учурда эч кандай денесинде жараттары болгон эмес. Бул боюнча ошол эле мезгилде тиешелүү тактамалар түзүлгөн. Шектүү Э.Б. нын денесиндеги жараттары кармалганда жана убактылуу кармоочу жайда отурганда болгон эмес”, -деп вйтылат маалыматта.




Ссылка: https://barometr.kg/oshto-organ-kyzmatkerleri-zhash-kyzdy-sabady-delgen-maalymat-tuuraluu-miliciya-n-katty



Добавить комментарий