Ошто окуучулар массалык түрдө мушташып, 30дай окуучу балдар кармалды

27 ноябрь 2018 10:09 1907 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ош облусунун Кара-Суу районунда мушташкан 30дай окуучулардын үстүнөн териштирүү иштери башталды. Бул тууралуу облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматта айтылгандай, 22 -ноябрда жаш балдардын топтошуп алып мушташып жаткандыгы тууралуу райондук ИИбге маалымат түшкөн. Милиция окуя болгон жерге барып, мушташып жаткан 31 окуучуну кармаган. Алар Кара-Суу районуна караган Жоош жана сарай айылдарынын 10-11-класстын окуучулары болуп чыккан. 

Мушташтан улам 15 жаштагы 2003-жылы туулган Н. уулу Н. аттуу бала денесине ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага түшкөн. 

Бул окуя боюнча учурда экспертиза дайындалып, жабырлануучунун абалы жакшы деп айтылды. 

Ал эми бул иш боюнча тиешелүү мекемелердин кызматкерлерине кызматтык иликтөө жүргүзүлүүдө. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-okuuchular-massalyk-trd-mushtashyp-30daj-okuuchu-baldar-karmaldy



Добавить комментарий