Ошто окуучу кыз мектептен чыккан боюнча үйүнө келген эмес. Ош ИИБи кызды табышууга жардам сурайт
Поделиться в:
Ошто мектеп окуучусу мектепке кеткен боюнча кайра үйүнө келген эмес. Бул тууралуу Ош облусунун ИИМи билдирди. Маалыматта 13 жаштагы Аяна Кочкорбаева 25-октябрда саат 12лерде Оштогу Нариман атындагы №7 мектептен чыккан боюнча үйүнө барган эмес. бою орточо 150-155, чачы узун, кашы, көзү кара. Үстундө ак хиджаб жоолук, ак кофта, боз юбка жана кызыл күрмө жана кызыл кроссовка кийип жүргөн.
Көргөн билгендер болсо Ош облусунун ИИБнин төмөнкү даректерине чалып, байланышып коюңуздарды сурайт.
Тел: (03222) 6-55-10, 8-55-11, 0772-41-41-70, 0705-25-52-77.
Добавить комментарий ×