Ошто ок атуучу куралдан жаракат алган жарандын окуясы иликтенүүдө
Кара-Суу районунун «Даңги» участкасында ок атуучу куралдан жарат алган жарандын окуясы текшерилип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Эске сала кетсек, кече, 13-апрель күнү социалдык баракчаларда Кара-Суу районунун 30 жаштагы тургуну ок атуучу куралдан жарат алганы тууралуу коомчулукка такталбаган маалыматтар таркатып жаткан. Ошондуктан, аталган окуя боюнча милиция расмий маалымат таратты.
"Ушул жылдын 9-январында болжол менен саат 12:13 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Даңги участкасында жайгашкан короодо, Шарк айыл аймагынын Маданият айылынын тургуну 30 жаштагы Т. уулу Б. денесинен белгисиз ок атуучу куралдан жараат алып, Ош облусттук ооруканасына жеткирилген.
Бул жагдайда Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту менен кылмыштын курамы байкалгандыктан, 9-январь күнүн кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Аталган өндүрүш иш боюнча окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, соттук-медициналык жана соттук-криминалистикалык экспертизалар дайындалып, окуяга күбө болгон жарандар суралган. Ошондо Т. уулу Б. окуя болгон күнү кийген куртасына, жемпирине жана майкасына дайындалган соттук-баллистикалык экспертизанын корутундуусуна ылайык Т. уулу Б. 5,6 мм. мылтыктын огунун тийүүсүнөн жаракат алып, ок атуу жакын аралыктан денеге такалган абалда (в упор) болгондугу жана ок TOЗ-8, TOЗ-16 үлгүсүндөгү сайлуу карабин же мылтыктан атылгандыгы көрсөтүлгөн.
Ал эми, денесинен жараат алган Т. уулу Б. өзүнүн берген көрсөтмөсүндө, ал 9-январь күнү болжол менен саат 09:00 чамасында Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагына караштуу Даңги участкасына өзү жалгыз “Хонда” үлгүсүндөгү унаасы менен короосуна жылкыларынан кабар алганы барган. Ал жерге барып короонун астында адырларга көз чаптырып турган убакта ичине бир нерсе киргендей болуп кызып кеткенин, кандай добуш чыкканын эстей албай турганын, анан 2-3 минутадай олтурап калганын айткан. Андан кийин дароо эле өзү айдап барган “Хонда” үлгүсүндөгү унаасына чыгып, өзү айдап, жакынкы короодо коңшудан жардам сурап барганын билдирген. Коңшусу аны Ош облусттук ооруканасына жеткирген.
Учурда, аталган окуя боюнча жабырлануучунун берген көрсөтмөсү менен экспертизанын жыйынтыгы карама-каршы болуп, жабырлануучунун көрсөтмөсү (жабырлануучу "ок алыстан келип тийди" деп кѳрсѳтмѳ берген) чындыкка дал келбей жаткандыктан, окуянын чыныгы жагдайын аныктоо боюнча комплекстүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-ok-atuuchu-kuraldan-zharakat-algan-zharandyn-okuyasy-iliktend
Добавить комментарий ×