Ошто майыптарга мыйзамсыз батир бөлүштүргөн 2 кызматкер кармалды
Поделиться в:
Ошто майыптарга мыйзамсыз батир бөлүштүргөн 2 кызматкер камалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.
Малым болгондой, Ош шаардык мэриясынын турак-жай тиричилик комиссиясынын мүчөлөрү майыптарга батир бөлүштүрүүдө мыйзам бузгандыгы аныкталды.
Аларга карата “кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмалоо” беренелери менен кылмыш иши козголду.
Учурда тергөө иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-majyptarga-myjzamsyz-batir-blshtrgn-2-kyzmatker-karmaldy
Добавить комментарий ×