Ошто майыптар үчүн курулган көп кабаттуу үйлөрдүн лифти жок
Ош шаарында 1-2 топтогу жана баса албаган майыптар үчүн курулган 5-6 кабаттуу үйлөрдө лифт жок экенин жергиликтүү журналист жазып чыкты.
Анын айтымында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн курулган бул турак жайынын лифти гана жок эмес анын кээ бир бөлмөлөрү арендага да берилүүдө.
1-октаябрда УКМК 6 кабаттуу үйдүн жарымы мыйзамсыз түрдө берилгендигин кабарлаган.
Маалыматка ылайык 8 жарандын турак жайы жок экендигин тактаган билдирүүлөрү жасалма жана 3-топтогу майыптар да бөлмө алышкан.
Бул факты боюнча Ош шаардык тергөө бөлүмү тарабынан"Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" "алдамчылык" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-majyptar-chn-kurulgan-kp-kabattuu-jlrdn-lifti-zhok
Добавить комментарий ×