Ошто Кыргызстан боюнча Көк-Бөрү чемпионаты өтөт. Байге фондусу 2 миллион сом
Поделиться в:
Ош шаарында көк бөрү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул туурасында Көк бөрү федерациясынын президенти Жыргалбек Саматов билдирди.Анын айтымында Кыргызстандын биринчилиги көп жылдан бери уюштурулбай калган. Мында Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ош, Талас, Чүй, Ысык-Көл облустары жаана Бишкек, Ош шаарларынан түзүлгөн 9 команда күч сынашат.
Мелдештер Оштун "Төлөйкөн" ат майданында 29-октябрда башталып 3-ноябрга чейин созулат. Байге фондусу — эки миллион сом. Баш байге ээсине 500 миң сом ыйгарылат.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kyrgyzstan-boyuncha-kk-br-chempionaty-tt-bajge-fondusu-2-million-som
Добавить комментарий ×