Ошто куралдан атылган октон жаракат алган ММА мушкери Төлөгөнгө Бишкекте операция жасалды

23 октября 2019 15:28 3037 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош облусунун Кара-Суу районунда куралдан атылган октон жаракат алып, Ошто ооруканага түшкөн ММА мушкери Төлөгөн Рахманберди уулу дарылануусун Бишкектен улантып жатат.

Бул маалыматты Ош облустук бириккен ооруканасынан тастыкташты. Бир апта мурда Бишкектеги травмотология жана ортопедия борборунда ага операция жасалган.

Эске сала кетсек, мындан бир ай мурда Төлөгөн Рахманберди уулу бутуна ок жеп, оор абалда ооруканага түшкөн.

Аны эрежесиз эр уруш спортунун дагы бир мушкери Кылыч Саркарбаев атканы айтылган.

Көп өтпөй Төлөгөн маалымат каражаттарына маек берип, өзүн-өзү алып алганын айткан.

Төлөгөн Рахманберди уулу ММА боюнча көптөгөн эл аралык мелдештерди уткан. Ал эми Кылыч Саркарбаев Эрежесиз уруш боюнча КМШнын чемпиону, мындан сырткары буга окшогон бир катар эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү.

Учурда ал Ош шаардык спорттук комитетинин төрагасы болуп эмгектенет.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kuraldan-atylgan-okton-zharakat-algan-mma-mushkeri-tlgng-bishkekte-operaciya-zhasaldy



Добавить комментарий