Ошто коронавирус жуктурганын жашырган киши беш жылга кесилет

7 апреля 2020 13:37 1431 Barometr
Поделиться в:
ok

Ошто коронавирус жуктурганын жашырган жаран кармалганын Кара-Суу, Ноокат райондорунун жана Ош шаарынын коменданты Малик Нурдинов билдирди.

"Бир жаран илдетти жугузуп алуу беренеси боюнча кармалды, аны текшерүүгө алганда коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Тилекке каршы, ал ооруганын жашырып, эч кимге айтпастан тууган-урук, тели-теңтуштары жана ишканасындагы кесиптештери менен байланышып жуктурган. Азыр ал жаран обсервациядагы изоляторго алынды. Жакшы болуп чыгаары менен 5 жылга чейин камакка алынат, - деди ал.

Кыргызстан боюнча коронавирус 228 кишиге жукканы тастыкталды.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-koronavirus-zhukturganyn-zhashyrgan-kishi-besh-zhylga-kesilet



Добавить комментарий