Ошто кичи автобус жеңил унаа менен кагышып, көпүрөгө түшүп кетти

2 сентября 2018 19:20 1634 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ош шаарында жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобус көпүрөгө түшүп кетип, алты адам жабыркады. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, алты адам учурда ооруканада, алардын бирөө жандандыруу бөлүмүндө.

Айдоочунун айтымында, ал рулду башкара албай калып, Honda Fit автоунаасы менен кагылышып, андан соң маршрутка капталы менен көпүрөгө түшүп кеткен.

Жол кырсыгы бүгүн болжол менен түшкү саат 12:00дөр чамасында болгон. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kichi-avtobus-zheil-unaa-menen-kagyshyp-kprg-tshp-ketti



Добавить комментарий