"Жылаңач сүрөтүңдү интернетке чыгарам" деп коркутуп акча талап кылган жигит кармалды

4 марта 2021 13:48 3421 Barometr
Поделиться в:
ok

«Жылаӊач сүрөтүӊдү туугандарыӊа жөнөтөм» деп акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, кечээ, 3-мартта 1993-жылы туулган Ош шаарынын тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ага Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 203-беренесинин (опузалап талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө жүрүп жатканы кабарланды.

“Кармалган жигит  2020-жылдын октябрь айынын аяктарында өзүнүн таанышы, 1995-жылы туулган келин менен өз ара араздашып кеткен соӊ «акыркы жолу бир жолугуп алалы» деп аны алдоо жолу менен чакырып, өзүнүн жеке машинасына отургузган соӊ бычак такап коркутуп, Ош шаарынын мейманкаларынын бирине алып келген. Андан соӊ, бычак менен «өлтүрөм» деп  коркутуусун улантып, жылаӊач чечиндирип, өзүнүн мобилдик телефонуна тартып алган. Жабырлануучу намыстанып колдору менен бетин жапкан учурда күч менен колдорун жүзүнөн алып, сүрөткө жылаӊач тарткан.  Андан соӊ, «эми мага жакын арада 50 миӊ сом акча таап бересиӊ, болбосо,  бул сүрөттү ата-энеӊе, жакындарыӊа жөнөтүп, интернетке коемун» деп акча талап кыла баштаган. Айласы куруган келин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган”, - деп айтылат маалыматта.

Эртеӊ, 5-мартта шектүүнүн баш коргоо чарасы Ош шаардык сотунда каралат.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kelindi-korkutup-zhylaachtap-srtk-tartyp-alyp-internetke-chygaram-dep-akcha-talap-kylgan-zharan-karmaldy



Добавить комментарий