Ошто күчу 4,5 баллга жеткен жер титирөө болду
Поделиться в:
Ошто күчу 4 ,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалым болгондой, Кыргызстандын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 23-февраль күнү саат 06:37де Тажикстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ош облусунун Алай районунун Бор-Дөбө айылында 4,5 балл, Нура жана Эркештам айылдарында 4 баллга чейин сезилген.
Такталган маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. 
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-kchu-4-5-ballga-zhetken-zher-titir-boldu
Добавить комментарий ×