Ошто электробус чыгара турган «Кыргыз унаа курулуш» заводу ишин баштайт

10 июня 2020 16:33 1046 Barometr
Поделиться в:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков электробустарды чыгара турган автозаводдун иши менен таанышты. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык-саясат бөлүмү билдирди.

«Кыргыз унаа курулуш» деп аталган заводдун курулуш иштеринин биринчи этабы аяктап, өз ишин баштады. Анын ишке кириши менен 500гө чейин жумуш орундары түзүлдү. Ал эми курулуш иштеринин экинчи этабы бүткөрүлүп, завод толук ишке киришкенде, жумуш орундарынын саны 5 000 жетет.

Заводдо жеңил жана оор өнөр жай, айыл чарба тармагы үчүн комплекттөөчү шаймандар менен техникалар өндүрүлүп жатат, трансформаторлор менен акылдуу эсептегичтер иштелип чыгып, текшерүүдөн өтүүдө. Анда Кыргызстандан чыгарыла турган биринчи электробус даярдалат.

Ата мекендик электроэнергетикалык тармагынын чоң потенциалын эске алуу менен ошондой эле чакан жана чоң гидроэлектрстанциялар үчүн зарыл болгон жабдуулар, анын ичинде гидротурбиналар менен генераторлор чыгарылууда.

Курулуш иштеринин биринчи этабына болжол менен 20 миллион доллар сарпталган. Завод Европа жана Япониянын заманбап жабдуулары менен жабдылганы айтылды.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-elektrobus-chygara-turgan-kyrgyz-unaa-kurulush-zavodu-ishin-bashtajt



Добавить комментарий