Ошто экспертиза кызматкери өспүрүмдүн зордукталганы тууралуу кортунду берүү үчүн акча талап кылып, кармалды
Ошто соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы жашы жете элек кыздын зордукталганы тууралуу кортундуну берүү үчүн акча каражат талап кылган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, 18-февраль күнү ички иштер органдарына Ош облусунун Араван районунун жашоочусу кайрылып, райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысынын укукка каршы аракеттери боюнча тиешелүү чараларды көрүп берүүлөрүн суранган.
“Аял арызында райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы жашы жете электи зордуктоо фактысы боюнча корутундуну берүү үчүн акча каражатын талап кылып жаткандыгы маалымдалган. Баштапкы 1 100 акча каражатын алган соң, ал дагы 3000 сом кошумча акча каражатын берүүнү талап кылган.
Аталган факты КЖБРге катталып, ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 238-беренеси (Кызматчынын мыйзамсыз сый акы алуусу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүшүп, анын жүрүшүндө акчаны накталай алып жаткан фактыны видеого тартып алышкан.
Жабырлануучунун туугандары менен жолугушууга Араван районунун соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн кызматчысы К.С. өзүнүн таанышын жөнөткөнүн белгилеп кетүү керек.
Сый акыны мыйзамсыз алган соң ИИМдин КМКнын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери экөөнү тең кармашкан. Жогоруда аты аталган соттук-медициналык эксперт мурда дагы ушундай укукка каршы аракети үчүн жоопкерчиликке тартылгандыгын кошумча билдиребиз”, - деп айтылат маалыматта.
Добавить комментарий ×