Ошто чынжыр менен бутун тушап койгон кыз психикалык жактан оорулуу болгон

12 октября 2018 16:30 1388 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сѳз кызматы Barometr.kg сайтына Ош шаарынын эс алуучу бактарынын биринде, бир бутуна чынжыр менен жүргѳн кыз тууралуу кошумча маалымат берди.

Басма сѳз кызматынын маалыматы боюнча, кыздын атасы учурда иштебейт жанан анын экинчи үй-бүлөсүнөн болгон.

"Бул жорукка атасы,  кыздын психикалык жактан оорурун, дайыма ар кайсы жакка кача бергендиктен, анын бутун тушап үйгө кармоого туура келгендигин айткан. Учурда бул окуяга карата кылмыш иши козголуп,  шектүү үй абагына чыгарылды", - деген маалыматты басма сѳз кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 5-октябрь күнү Ош шаарынын эс алуучу бактарынын биринде, бир бутунда чынжыр менен жүргөн 9 жаштагы кыз тууралуу маалымат тараган.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-chynzhyr-menen-butun-tushap-kojgon-kyz-psihikalyk-zhaktan-ooruluu-bolgon



Добавить комментарий