Ошто, Чүйдө, Ысык-Көлдө билим берүү комплекстерин курганга акча табылды
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Орусияга болгон иш сапарынын алкагында Орусия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Билим берүү министрдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
"Алмазбек Бейшеналиев иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашуулардын жыйынтыгында эки өлкөнүн кызматташтыгы жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айтты. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда курулуусу макулдашылган 10 билим берүү комплексинин үчөөсүнүн каржы маселеси чечилди. Биринчи комплекс Ош облусунда, экинчиси Чүй облусунда, ал эми үчүнчүсү Ысык-Көл облусунда курулат. Калган билим берүү комплекстери этап-этабы менен курулмакчы.
Алмазбек Бейшеналиев менен Сергей Кравцовдун буга чейинки жолугушуусунун жыйынтыгында кол коюлган Протоколдун алкагында төмөндөгүдөй иштер жүргүзүлүүдө:
- Билим берүү уюмдарын куруу долбоорлорун аныктоодогу техникалык документация менен байланыштуу бардык суроолорду талкуулоо;
- Орусиянын табият таануу жана физика-математикалык багыттагы предметтери боюнча билим берүүдөгү санариптик ресурстарын пайдалануу жана адаптациялоо жана андан ары кыргыз тилине которуу жөнүндө Келишимдин долбоорун талкуулоо жана кол коюу;
- Кыргызстандык окуучуларга жайкы лагерди уюштуруу", - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-chjd-ysyk-kld-bilim-ber-kompleksinin-karzhy-maselesi-chechildi
Добавить комментарий ×