Ошто бир жыл мурда агасын ѳлтүргѳнгѳ шектүү бир тууган иниси кармалды

24 сентября 2019 15:11 1151 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

Бүгүн 24-сентябрь Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы, агасын өлтүргөнгө шектүү катары бир тууган иниси кармалды деген маалыматты  жарыялады. Маалымат Ош шаардык ИИБынын фейбук баракчасына чыкты.

 Маалыматта, Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын тургуну 1991-жылы туулган Аваз уулу Жолдошбай жакындары тарабынан өлтүрүлүп, үйүнүн батыш тарабында жайгашкан ээн талаага көмүлүп коюлган. Ал эми жакын туугандары сурагандарга маркумду «Россияга иштегени кеткен» деп маалымат берип турушкан. Алынган маалыматты тактоо, иликтөө иштеринен соӊ, кечээ 23-сентябрда адам өлтүрүүгө шектүү катары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери Ош шаарына караштуу Төлөйкөн айылынын 1996-жылы туулган тургунун кармашты. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шектүү 23 жашта. Ал алгачкы тергөөнүн жүрүшүндө жасаган кылмышын моюнуна алып, агасын 2018-жылдын сентябрь айында, ээн талаага алып барып, машинанын эски дөӊгөлөктөрү менен кошо өрттөп, өлүктүн калган калдыктарын көмүп койгондугун айтып берди.

 «Агам кичине кезимден баштап мени көп келекелеп, көпчүлүктүн көзүнчө шылдыӊдай берчү. Көп ирет колу тийген. Ал тургай апамды, карындашыма дагы кол көтөрчү. Былтыр сентябрь айында дагы мас болуп, колуна ичимдиктерди көтөрүп келди. Карындашым, апам анын пейилин билип, үйдөн качып кетишиптир. Келип эле мага тийишип, ура баштады. Мен ачуу үстүндө бөлмөдө турган көсө темир менен башына чаап жибердим. Агам жерге жыгылып, дем албай калды. Мен анын өлүгүнөн кутулуу үчүн талаага алып барып өрттөп, Ошол жерге көмүп койдум. Сурагандарга «Россияга кеттим» деп үйдөн чыгып кетти» деп айтып жатканмын» деп көрсөтмө берди шектүү…
Бул факт боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин адам өлтүрүү (130-берене) беренесинин белгилери менен кылмыштарды, жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-bir-zhyl-murda-agasyn-ltrgng-shekt-bir-tuugan-inisi-karmaldy



Добавить комментарий