Ошто бир жумада 41 мас айдоочу аныкталып, 99 унаа айып короого токтотулду
Ош шаарында бир жумада 41 айдоочу мас абалында кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын аймагында өткөн жума аралагында 230 кылмыш катталды, анын ичинен 160 кылмыштын бети изи сууй электе ачылган.
“Негизги басым кылмыштуулуктун алдын алууга багытталып, эл арасында түшүндүрүү иштери уланууда. Милициянын төрт коомдук кабылдамасы график боюнча иш алып барып жатат. Коомдук кабылдамалар аркылуу жарандардан бул жумадагы келген арыз, даттануу жана сунуштар иргелип, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына таандык маселелер башкармалык тарабынан чечилүүдө. Башка тармакка таандык маселелер боюнча ошол тарапка маалымат иретинде каттар жөнөтүлдү.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы багыты боюнча:
-Жол эрежесин бузган жарандарга 1836 протоколдор түзүлдү;
-99 автомашина айып короосуна киргизилди;
-2 жаран убактылуу баш калкалоочу жайга, 1 өспүрүм балдар борборуна жеткирилди;
-Милициянын кайгуул кызматы тарабынан 5 кылмыш изи сууй электе ачылды;
-41 айдоочу мас абалында кармалды”, - деп айтылат маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-bir-zhumada-41-mas-ajdoochu-anyktalyp-99-unaa-ajyp-koroogo-toktotuldu
Добавить комментарий ×