Ошто бажы кызматкерлери тамеки ташып бара жаткан унааны кармашты

13 августа 2019 11:54 546 Barometr
Поделиться в:
ok

ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, “Ыкчам” бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош областында Кыргыз Республикасынын жараны Т.А.Тнын башкаруусундагы “Мерседес Бенц 310D” үлгүсүндөгү таранспорт каражаты токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргыз Республикасына чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан төмөнкү товарлар кармалган:

  • WINSTON X-style Blue 300 000 шт;
  • Үй оокатары;
  • Кездемелер.

Айдоочуну токтоткон учурда ЕАЭБтин аймагына ташылып келе жаткан товар мыйзамдуу экенин тастыктаган бир дагы документ көрсөтө алган эмес.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, матералдар тергөөгө караштуулугу боюнча Ош областык прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-bazhy-kyzmatkerleri-tameki-tashyp-bara-zhatkan-unaay-karmashty



Добавить комментарий