Ошто бардык шарты бар жаңы чек ара комплекси курулду
2018-жылдын 5-октябрында Ош облусу боюнча башкармалыгынын «Улуу-Тоо” чек ара заставасынын жаңы комплексинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Бул тууралуу чек ара кызматынын маалыматты камсыздоо бөлүмү билдирди.
Иш чарага КР Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабынын башчысы Р.Дүйшенбиев, КР МЧК төрагасы полковник У.Шаршеев, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилиги, райондук актив, ошондой эле КР МЧК Ош облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы катышты.
Чек ара заставасында администривдик жайлары бар казарма, офицердик курам(прапоршиктер) жана алардын үй-бүлөсү үчүн үй, ошондой эле кампа жайлары, техниканы оңдоочу жана сактоочу жабык бокстору, кызматтык иттер үчүн вольери бар модулдуу заманбап инфраструктуралуу имараттардын комплекси курулган.
Жаңы комплекс эл аралык стандарттарга жооп берген инфраструктуранын бардык зарыл обьектилери менен камсыз кылынган.
Чек ара кызматынын өзгөчөлүгүн эске алуу менен жаңы комплекстин территориясында строй үчүн плац, ок атуучу куралдар менен иштөөгө машыгуучу окуу жайы, спорттук аянтча жабдылган.
“Заставаларда жана отрядтарда жаңы чек ара комплекстерин куруу өлкөнүн чек ара коопсуздугун коргоонун деңгээлин гана көтөрбөстөн, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсү үчүн жакшы шарттарды түзөт. Бүгүнкү күндө мамлекеттик чек араны бекемдөө боюнча ишке ашырылып жаткан иш чаралардын комплекси мамлекеттик чек араны кайтарууда кошумча заставалардын жана посттордун санын көбөйтүү жолу менен ошондой эле чек ара бөлүмдөрүн чек араны кайтаруунун заманбап техникалык каражаттары менен камсыз кылуу иштерин камтыйт”,- деп белгиледи иш чарада сөз сүйлөгөн генерал- майор Райимберди Дуйшенбиев.
“Улуу-Тоо” чек ара заставасынын жаңы комплексинин курулушу жана камсыздоосу Кыргыз республикасынын өкмөтүнүн жана Россиянын ортосундагы Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуунун алкагында техникалык колдоо көрсөтүү жөнүндө келишимге ылайык жүргүзүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-bardyk-sharty-bar-zhay-chek-ara-kompleksi-kuruldu
Добавить комментарий ×