Ошто автоунааны токтоткондо 5 кг "героин" баңгизаты табылды

22 декабря 2020 11:46 1394 Barometr
Поделиться в:
ok

 Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын Мобилдик ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери ири өлчөмдөгү оор баңгизаттарды Тажикистандан Кыргызстанга алынып келген кезектеги каналга бөгөт коюшту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшү кызматынын мобилдик ыкчам бөлүмдөрүнүн башкармалыгынын кызматкерлери КРнын Жазык кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, жакында Ош облусунун Нариман айылынан 1970-жылы туулган  М.Ш. аттуу жарандын башкаруусундагы автоунаа токтотулган.  

ИИМдин  кызматкерлери  кармоо жана кароо жүргүзүү учурунда, сатууга арналган афганистанда өндүрүлгөн баңгизаттардын партиясын табышкан.

Унаага кароо жүргүзүүдө анын отургучунун астынан 5 даана таңгакталган, уксус ангидрид өзгөчө жыттанган зат табылып алынган.

Соттук-химиялык изилдөөнүн корутундусуна ылайык, аталган зат  жалпы салмагы 5 килограмм 178 граммды түзгөн  “героин”  баңгизаты экендиги аныкталды.

Аталган кылмышка тиешеси бар башка шектүүлөрдү аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары, ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.  

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-avtounaany-toktotkondo-5-kg-dan-ashyk-geroin-bagizaty-tabyldy



Добавить комментарий