Ошто аскер бөлүгүнүн командири лейтенантты каршы түшүнүк кат жазууга мажбурлаган

30 октября 2018 16:29 948 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ош облусунда аскер бөлүктүн командири лейтенантты жалган жалаа жабуу үчүн колдонду. Бул тууралуу маалыматты Аскердик прокуратура билдирди.

Маалыматка караганда, арыз менен 27-октябрда 8-мото аткычтар дивизиянын лейтенанты кайрылган.

Аскер кызматкердин айтымында, командир аны өзүнө чакырып алып, орун басарына каршы түшүнүк кат жаздырууга мажбурлаган.

Каралоого дуушар болгон бул майор буга чейин аскердеги коррупцияны айтып чыккан эле.

Ага карата жалган жалаа жабууга аргасыз болгон лейтенант моралдык жактан басынып, өзүнө кол салууга жакын калганын билдирди.

Текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-asker-blgnn-komandiri-lejtenantty-karshy-tshnk-kat-zhazuuga-mazhburlagan



Добавить комментарий