Ошто Алтынай Өмүрбекованын келишин 2 сааттан ашык күткөн окуучулар өзүн жаман сезип, мугалимдер көлөкөгө алып өтүштү
Жаңы мектептин ачылуу аземинде Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекованын келишин 2 сааттан ашык күткөн окуучулар өзүн жаман сезишкен. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Окуя Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда болгон. Анда жаңы мектептин ачылыш аземине вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова белгиленген убакыттан 2 сааттан ашык кеч келген. Мындан улам аны күткөн окуучулар өздөрүн жаман сезип, мектептин ар бурчунда көлөкөдө баш калкалаган. Окуучуларга мугалимдер жардам колун сунуп, көлөкөгө алып өтүшкөн.
Бүгүн, 28-сентябрда аталган райондогу Катта-Талдык айыл өкмөтүндө Кызыл-Ордо айылында 320 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин ачылышы өткөн. Билим уясынын ачылышына Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, улуттук Статистика комитетинин башчысы Акылбек Султанов жана Ош облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев катышкан.
Добавить комментарий ×