Ошто 7 жашар баланы сүзүп качып кеткен 66 жаштагы айдоочу кармалды

10 октября 2022 11:59 2698 Barometr
Поделиться в:
ok

7 жаштагы баланы койдуруп, качып кеткен 66 жаштагы айдоочу кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалыматка, 6-октябрь күнү 18:30да Ош шаарындагы Курманжан-Датка көчөсүндө 7 жаштагы баланы унаасы менен койдуруп кеткен 66 жаштагы айдоочу кармалганы айтылат.

“Айдоочунун жүргөн жерин  Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмчөсүнүн кызматкерлери аныктап, кармап, ишти Ош ШИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүп беришкен.

Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасынын дарыгери «102» кызматына кабарлап, 6-октябрь күнү Курманжан-Датка көчөсүндө жол кырсыгы болуп, 2015-жылы туулган бала денесинен жараат алгандыгын билдирген.

Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 6-октябрь күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүнүн аталган көчөдөгү үйлөрдүн биринин тургуну 2015-жылы туулган Р.Э.ни аталган көчөнүн күн батыш багытын көздөй бара жаткан «Мерседес-Бенц» унаасы койдуруп, окуя болгон жерден изин жашырып кеткен. Натыйжада, денесинен жараат алган Р.Э. Ош облустук бириккен клиникалык балдар ооруканасына жаткырылган.

Бул факты боюнча Ош ШИИБдин милциянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмчөсү автоунаанын жүргөн жерин аныктап, таап, тергөө кызматына өткөрүп берген”, -деп айтылат маалыматта.



Ссылка: https://barometr.kg/oshto-7-zhashar-balany-szp-kachyp-ketken-66-zhashtagy-ajdoochu-karmaldy



Добавить комментарий