Ошто 4 айдан бери кызды өлтүрүш үчүн издеген жигит түндө аны зордуктап кетти

21 июня 2019 15:48 16548 1 Barometr
Поделиться в:
ok

Ошто 21-июнга караган түнү мурда соттолгон жигит кызды бир нече ирет зордуктап кетти. Бул тууралуу жабырлануучунун жактоочусу Мухае Абдураупова кабарлады.

 Анын айтымында жигит бул кызды мурда тоноп соттолгон, сот аны шарттуу кескен.

“Төрт ай бою жигит аны өлтүрүү максатында издеген. Кечээ, 20-июнда саат 22:00дөр чамасында ал анын квартирасында бет капчан кирип келген.Спорттук күрмөсүнөн бычак алып чыгып “Ии эмне мени таанган жоксуңбу. Мен сени өлтүрөйүн деп издеп жүргөм”,-деп коркуткан. Андан соң кызды эки ирет зордуктаган”,-деп айтты жактоочу.

Абдураупова берген маалыматка таянсак кыз араң качып чыгып милицияга кайрылган. Жигитти окуя болгон жерден анча алыс эмес жерден кармашты.

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-4-ajdan-beri-kyzdy-ltrsh-chn-izdegen-zhigit-tnd-any-zorduktap-ketti



Добавить комментарий

  • Бакытбек 4 года назад
    Эмне учун жаман адамдар кобойду ата энеси жакшы тарбия бербеген учун ушундай кылмышка барат мындай зоокурлорду турмого камап салыш керек