Ошто 3 миңден ашык адам баткыдай Рамазан чатыры ачылды
Поделиться в:
Ошто ачык асман алдында ибадаттарды чогуу аткарууга ылайыкталган Рамазан чатырын ачууга даярдыктар көрүлүүдө. Уюштуруучулардын айтымында ал жайга 3000ден ашык адам батат.
Чатырды куруунун максаты элге ыйык айдын маанисин сездирүү жана жагымдуу жагдай түзүү болуп саналат.
Аянтта Ислам окумуштууларынын лекциялары өтүп, ооз ачарга дасторкон жайылмакчы. Ошондой эле материалдык жактан муктаж болгондорго кийим жана тамак аш түрүндө жардамдар көрсөтүлөт.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-3-miden-ashyk-adam-batkydaj-ramazan-chatyry-achyldy
Добавить комментарий ×