Ошто 22 жаштагы милиция кызматкери кызмат өтөп жатып, кырсыктап каза болду

18 июня 2022 13:19 3059 Barometr
Поделиться в:
ok

Ошто 22 жаштагы милиция кызматкери кызмат учурунда кырсыкка кабылып каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин маалымат кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

Белгилүү болгондой, 16-июнь күнү Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери милициянын лейтенанты Сыймык Мырзабеков кызмат өтөп жаткан учурда кырсыкка кабылып курман болгон.
Сыймык Мырзабеков 2000-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жетим-Дөбө айылында төрөлгөн.
2017-жылдан 2021-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясында билим алып ийликтүү аяктаган.

2021-жылдын 4-ноябрынан баштап өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын участкалык уполномоченный кызматын аркалап келген.

"Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги жана өздүк курамы Сыймык Мырзабековдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз. Бул окуя кесиптештерин оор кайгыга салып турат. Мырзабеков Сыймыктын элеси түбөлүккө жүрөгүбүздө сакталат", -деп эскеришти кесиптештери.

"Барометрдин" жалпы жамааты Сыймык Мырзабековдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.


Ссылка: https://barometr.kg/oshto-22-zhashtagy-miliciya-kyzmatkeri-kyzmat-tp-zhatyp-kyrsyktap-kaza-boldu



Добавить комментарий