Ошто 16 жаштагы кызды видео менен коркутуп зордуктаган жигит кармалды
Ош шаарында 19-май күнү, ОШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери 1992-жылы туулган Т.Д. аттуу жаранды кармашты. Ал Кызыл-Кыядан Ошко 2003-жылы туулган кызды зордуктап, күч менен алып келген. Бул тууралуу ОШИИБнын басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
“Шектүү 2003-жылы туулган кыз менен кыз-жигит болуп жүргөн. 2019-жылы эле бир нече ирет зордуктаган. Андан соӊ анын эркине каршы, «сени зордуктаган учурду видеого тартып алгамын» деп коркутуп, күч колдонгон.
Жабырлануучу милицияга арыз жазуудан корккон. Ал убакта болгону 16 жашта болгон. Ал бул көрсөтмөлөрдү шектүүнү камай турган болсо гана бере ала турганын айткан.
18-май күнү шектүү Кызыл-Кыя шаарынан жабырлануучу кызды коркутуп, кыздын эркине каршы машинасына салып, түнү менен Ошко келген. Жолдо аны коркутуп, сабаган. Телефонун талкалап салган.
Шектүү «башка жигит менен жүрөт экенсиӊ, мен сени бербейм эч кимге» деп кызганган. 19-май күнү эрте менен саат 09.00 чамасында ОШИИБнын Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери шектүүнүн жүргөн жерин аныкташып, машинада отурган жеринен кармашты”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда шектүү КРнын жазык кодексинин «Адам уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ош шаардык соту шектүүнүн баш коргоо чарасын карайт.
Эскерте кетсек, шектүү 1992-жылы туулган. Роосия Федерациясында жүрүп келген. Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну.
Жабырлануучу 2003-жылы туулган. Кызыл-Кыя шаарында окуу жайлардын биринде окуйт.
Ссылка: https://barometr.kg/oshto-18-zhashtagy-kyzdy-zorduktap-kch-koldongon-zharan-karmaldy
Добавить комментарий ×