Ошто бир килограммдан ашык баңги заты менен Кара-Суу районунун жашоочусу кармалды

10 июль 2018 18:30 1163 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ошто  1000 граммдан ашык наркотикалык зат менен 1991-жылы туулган У.З аттуу Кара-Суу районунун жашоочусу кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан маалымдашты. Берилген маалыматка ылайык, 6-июль күнү кечки саат 23.40 чамасында Кара-Суу районунун Салиева көчөсүндө ыкчам-изилдөө иштери жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн натыйжасында табылган  зат химиялык изилдөөлөрдүн негизинде курамында баңги заты бар экендиги аныкталган. Учурда тергөө иштери улантылууда. 

Ссылка: https://barometr.kg/oshto-1000-grammdan-ashyk-bagi-zaty-menen-kara-suu-rajonunun-zhashoochusu-karmaldy



Добавить комментарий