Ошко Москвадан 326 кыргыз жараны учуп келди

27 июня 2020 13:42 1281 Barometr
Поделиться в:
ok

Москва – Ош багыты боюнча 326 кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде 2 жашка чейинки курактагы 41 жаш бала бар. Бул тууралуу Республикалык штабка таянып «Барометр» билдирет.

Бүгүн Кыргызстанга «Аэрофлот – Россия авиакаттамдары» авиакомпаниясынын Москва – Ош багыты боюнча учагы учуп келди. Бул каттам менен Кыргызстанга Россиядан 326 кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде 2 жашка чейинки курактагы 41 жаш бала бар.

Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында КР Президентинин жана Өкмөттүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Аталган каттамга жүргүнчүлөрдүн тизмеси кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнөн, Москвадагы кыргыз медициналык клиникалардын дарыгерлеринен жана Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин кызматкерлеринен турган Комиссия тарабынан түзүлдү.

Тизмеге төрөтүнүн мөөнөтү жакындап калган кош бойлуулар жана 2 жашка чейинки балдары барлар, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу ыкчам түрдө мекенине кайтышы керек болгон жарандар кирди.

Бардык келген жарандар белгиленген медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат.

Чет мамлекеттерде жүргөн Кыргызстандын жарандарыны мекенине алып келүү боюнча маршруттарын издөө боюнча иштер улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/oshko-moskvadan-kyrgyzstandyn-zharandary-kajtyp-keldi



Добавить комментарий