Ош жана Жалал-Абад областында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

9 июля 2019 09:48 1074 Barometr
Поделиться в:
ok

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 9-июлда саат 01:51де Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган. 

Жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Ничке-Сай, Кыргызстан айылдарында - 4 балл, Тосой, Жийде, Ак-Терек, Чаңгет, Шоро-Башат, Жыланды, Зергер айылдарында - 3,5 балл, Өзгөн шаарында жана Таштак, Шералы, Мырзаке, Большевик, Ак-Жар, Эркин-Тоо, Кара-Дыйкан айылдарында - 3 балл, Кош-Этер, Чымбай, Куршаб, Кароол, айылдарында - 2,5 балл жана Жалал-Абад облусунун Көк-Жаңгак шаарында - 3 балл, Жалал-Абад шаарында, Сузак районунун Шамал-Терек, Благовещенка, Октябрское, Багыш, Таш-Булак, Михайловка, Таран-Базар, Калмак-Кырчын айылдарында - 2,5 баллга чейин сезилген.

 Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/osh-zhana-zhalal-abad-oblastynda-kch-4-ballga-zhetken-zher-titir-kattaldy



Добавить комментарий