Ош: өз кызын зордуктап жүргөн киши кармалды
Бөлүшүү:
Ош облусунун Араван районунун 44 жаштагы тургуну 15 жаштагы кызын бир жылдан бери зордуктап жүргөнү белгилүү болду. Учурда ал кармалып, эки айга камалды.
Киши кызын зордуктап жүргөнүн моюндаган.
Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматы боюнча бул факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Ош ОИИБдин маалымат катчысы Жеңиш Ашырбаедин айтымында, кармалган кишинин психологиялык саламаттыгы текшерилет.
Өз атасынан ыдык көргөн өспүрүм кызга психологиялык жардам берилүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/osh-z-kyzyn-zorduktap-zhrgn-kishi-karmaldy
Добавить комментарий ×